Ош облусунун Араван районуна карашуу Төө-Моюн айылындагы жолдорду сел алып ,унааларга ыңгайсыздык жаратууда.
Жолдордун астынан сел өтүүчү түтүктөр коюлбаганына байланыштуу жаан жаап сел түшкөн учурда жолду улам бузуп кетет. Бул туурасында айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар айыл өкмөттөргө бир нече жолу нараазычылыктарын билдиришкен. Бирок ошого карабастан ушул күнгө чейин чара көрүлбөй келет. Бул тууралуу айдоочулар аймактык кабарчыга билдирди.