Чүйдөгү айланма жолдо эки унаа бет маңдай кагышып, бир аял каза болду

turmush
Скачать
Просмотров: 1036
 
Опубликовано 2 Ноября 2018, 10:21

Чүй облусундагы айланма жолдо эки жеңил унаа бет маңдай кагышып, бир аял киши каза болду. Бул окуяны Чүй облустук ЖКККБ тастыктап, жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон аялдан тышкары 3 адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилгендигин билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн, 2-ноябрда эртең менен саат 9:00 чамаларында болгон. Анда «Volkswagen Jetta» менен «Volkswagen Golf III» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Каза болгон аял 60 жашта болгон.