Чүй районуна караштуу Искра айыл аймагындагы кайрымдуулук фонд тарабынан 15 үй-бүлө үчүн курулган социалдык турак үйдөгү жашоочулар 3 айдан бери электр жарыгы жок жашап жатышат. Алар комерциялык баа менен 200 миӊ сом карыз болуп калышканын айтып чыгышты.
Жашоочулардын бири Гүлзат Бакалиеванын айтымында, бул турак үйлөргө акылдуу электр эсептегичи коюлбагандыктан, тургундар ай сайын айыл өкмөттүн электр эсептегичин колдонуп, 500 сомдон төлөп турушкан.