Чолпон айылынын тургуну Дастан Дүйшөнбеков 4 жашынан «Манастан» үзүндү айта баштаган

turmush
Скачать
Просмотров: 125
 
Опубликовано 20 Сентября 2018, 11:40

Ак-Суу районунун Чолпон айылынын 10 жаштагы тургуну Дастан Дүйшөнбеков 4 жашынан эле өзү аракет жасап, "Манастан" үзүндү айта баштаган.
Ак-Суу районунун Чолпон айылынын 10 жаштагы тургуну Дастан Дүйшөнбеков сахнада чыгууга өтө ынтызар. Ал кичинесинен эле "Манас" эпосунан бир нече сабын өз аракети менен жаттап айтып, телевизодон манасчылар чыкса, кунт коюу менен карап ата-энесин таң калтырган.