Чек арадагы чырдан улам Баткендеги Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушу, Тажикстандын суу тартып алуу иштери токтотулду

turmush
Скачать
Просмотров: 701
 
Опубликовано 19 Сентября 2018, 12:47

Баткен районунун Бакай айылы менен Тажикстандын Тожикон айылы чектешкен аймактагы такталбаган жерге скважина казууга аракет кылган тажик тарап, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин техникаларын алып кетип, жумуш токтотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-сентябрда эки тараптын жергиликтүү бийликтери өз ара сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда кыргыз тарап аталган жердеги (тактала элек жер) сел аккан сайды тазалоого макулдук алса, тажик тарап аталган жерге дүкөн курууга жана үйүлүп турган шагылды жайып, тегиздеп алууга макулдук алган. Бирок 12-сентябрда тажик тарап такталбаган жерге курулуш курууга мүмкүн эмес деген келишимди бузуп, скважина казууга жана чек арага жакын жерге суу алып өтүү үчүн түтүктөрдү көмүүгө аракет кылышкан. Андыктан кыргыз тараптан нараазычылык жаралып, эки тараптан 100гө жакын адам чогулган.

Чатакты алдын алуу максатында Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Тажибой Акмотзоода Лейлек районунун Арка айылында, андан кийин Ворух анклавында жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы мындай маселелер өкмөттөр аралык комииссия тарабынан чечиле тургандыгы айтылган. Ошондой эле тажик тараптын скважина куруу жана суу түтүктөрүн алып өтүү жумуштары токтолуп, техника жана каражаттарын алып чыгып кетишти. Ал эми тажикстандыктар кыргыз тараптын сел аккан сайды тазалоо иштерин жана Кыргызстандын Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушун токтотушун талап кылган. Учурда сел аккан сайды тазалоо жана Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушу токтотулду.

Окуя тууралуу:

12-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик тургундардын ортосунда жаңжал чыккандыгы кабарланган.

Маалым болгондой, Ак-Сай айылынан 50гө жакын, Тажикстан тараптан 60тан ашык адам чогулган. Чырга чек арадагы такталбаган жер себеп болгон. Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавындагы такталбаган жерден тажик тарап суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн 11-сентябрдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин ак-сайлык тургундар 12-сентябрда ишти баштап, бирок техникасы бузулуп калган. Тажикстандыктар болсо убадалаган жумушту аткарбай (дүкөн куруу, шагыл тегиздөө), суу түтүктөрүн алып өтүп баштаган. Эки элдин ортосундагы пикир келишпестикти чек арачылар токтотууга аракет жасашкан.

Андан кийин Баткен районунун акими тажикстандык өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек арадагы абал тынчытылган болчу.
Андан кийин:

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев кыргыз-тажик чек арасында абал кооптуу экендигин билдирген.

Анын айтымында, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Ак-Сай—Тамдык жолун курууга уруксат бербей, өздөрү чек арага жакын жерде суу түтүгүн орнотуп баштаган. Мындан улам бийлик өкүлдөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.

«Ал эми чек арадагы жагдайга күбө болгон эл маселе жакынкы күндө чечилбесе, Ворух анклавына өтүүчү жолду тосорун билдиришти», - деген Жолчуев.