Кечээ, 18-сентябрда Талас шаарында өзгөчө кырдаалдардан сактанууну эскертүү максатында атайын парад өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.
Маалыматка караганда, иш-чарага ӨКМдин, ИИМдин кызматкерлери, студенттер, мекеме-ишканалардын өкүлөрү катышты. Көрүүчүлөргө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча сценкалар көрсөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовтун айтымында, мындай иш-чаралар атайын 1 айлыктын алкагында уюштурулууда.
«Мындай кырсык тобокелчиликтерин алдын алуу максатында 5-октябрга чейин 1 айлык жарыяланган. Бул иш-чаралар базарларда, эл көп мекемелерде өтүүдө. Былтыркы жылы 309 жолу өзгөчө кырдаал катталып 112 адамдын өмүрүн алган. Быйыл салыштырмалуу азайды. Быйыл 9 ай ичинде 90 өзгөчө кырдаал катталып 12 адамдын өмүрү кыйылды», - деди министр.