Быйыл Кадамжайда кутурган ит тиштеген 1 адам каза болду

turmush
Скачать
Просмотров: 213
 
Опубликовано 18 Сентября 2018, 14:57

Быйылкы жылдын 8 айында Кадамжай району боюнча адамдарды иттер тиштеген 220 факты катталды. Бул тууралуу Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бир адамды кутурган ит тиштеп каза болгон. Учурда жолбун иттерди жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Мындан тышкары Баткен облусунда кургак учук менен ооруган 254 адам катталса анын 91и Кадамжай районуна тиешлеүү. Былтыр облус аймаганда кургак учук менен 231 адам ооруган болсо анын ичинен 63ү Кадамжайда болгон.