Таластагы төө буурчактардын тазалары 50 сомго чейин сатылууда (Заирбек Жунусалиев)

turmush
Скачать
Просмотров: 383
 
Опубликовано 18 Сентября 2018, 12:41

Талас облусундагы төө буурчактар тазаланып, Иран жана Грузия мамлекеттерине экспорттолуп жатат.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы бөлүмүнүн адиси Заирбек Жунусалиевдин айтымында, төө буурчактын лопатка сортунун тазаланбаганы 43 сом, тазасы 50 сом болуп жатат.

«Биз өкмөт тарабынан бекитилген, атайын социалдык мааниге ээ болгон продукциялардын баасына ар жума сайын көзөмөл жүргүзүп турабыз. Алардын ичине төө буурчак дагы киргизилген. Ар жуманын төртүнчү күнү бизде мониторинг өтөт. Төө буурачактын лопатка сорту Талас өрөөнүндө кеңири өстүрүлгөндүктөн ошол сортунун баасы үзгүлтүксүз кароодо турат. 13-сентярдагы маалымат боюнча төө буурчактын лопатка сортунун тазаланбаганы 43 сом, тазасы 50 сом болгон. Райондордо дагы 1-2 сом гана айырма болбосо баасы ушундай эле», - деди ал.

Талас облусундагы төө буурчак экспорттоочу фирмалардын биринин жетекчиси Адилет Токторбаевдин айтымында, дыйкандардын көйгөйү — төө буурчактын баасы болуп жатат.

«Бүгүнкү күндө Таласта төө буурчака болгон баа (тазаланбаганы) 35 сомдон 45 сомго чейин болууда. Төө буурчактар Иран, Грузия мамлекеттерине экспорттолот. Бардык эле дыйкандардын көйгөйү — бул төө буурчакка болгон баанын туруксуздугу. Баанын туруксуздугуна бир нече себептер бар. Биринчиден төө буурчак Таласта гана өспөйт. Дүйнөлүк рынокто төө буурчак өстүргөн мамлекеттер көп. Бизден чыккан төө буурчактар аз гана пайызда болуп калат. Эгерде төө буурчак өндүргөн башка мамлекеттерде кандайдыр бир жаратылыш кырсыктарынан улам түшүмү аз болуп калса анда төө буурчактын баасы жогору болот. Экинчиден бүгүнкү күндөгү валюталык кризис дагы төө буурчактын баасына таасир этет. Биз төө буурчак экспорттогон мамлекеттерде долларга болгон баа эки эсе көтөрүлүп кетти дагы төө буурчака буйрутма аз болуп, баалары арзан болду», - деди ал.

Адилет Токторбаев төө буурчактар Талас облусунан тазаланып, 25 жана 50 кг салмактагы стандарт менен экспорттолоорун кошумчалады.