Ж.Шукуровдун битал эчкилери күнүгө 6 литр сүт берүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 1468
 
Опубликовано 17 Сентября 2018, 17:06

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылынын 37 жаштагы тургуну Жалил Шукуров 5 жылдан бери Пакистандан 6 миӊ долларга алып келген гибрид кочкор менен Индиядан келген 3 миӊ долларлык битал текени багып, көбөйтүп келет.
Аймактык кабарчы сокулуктук фермер менен таанышты.

«Өзүӊөр билгендей гибрид гиссар кочкорлордун түпкү ата-теги болуп кетет. Биз ошол тукумду кайра жандандырып, көбөйтүү үчүн Пакистандан бир баш кочкорду 6 миӊ долларга сатып алып келгенбиз. Бул кочкор эт багытындагы мал жандыгына кирет. Анын салмагы 100 килограммга чейин жетип, жер шартына тез көнүшүп кетет. Ушул жагынан айырмаланат. Бул мал тез чоӊойюп, жакшы киреше бергени менен аны багуунун эрежесин да так билиш керек.
Гибрид кочкорду топ кой менен аргындаштырып, тукумун алы жатам. Кудай буюрса малдын саны жылдан жылга көбөйүп келе жатат. Каалоочуларга четинен сатып жатам», - деди ал.