Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиевдин айтымында, айыл өкмөттө 4 миң гектарге жакын жерге шалы эгилет. Күрүчтүн 6 сорту өстүрүлөт.
«Биздин ата-бабаларыбыз эгип келген жайдары аттуу сорт да эгилет. Дыйкандар түшүмдүүлүгү көбүрөөк, сатууга ыңгайлуу деп лазер сыяктуу сортторду өстүрүп жатат. Бирок Ак-Турпактын бренди болгон жайдары күрүчүн көп өстүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.