Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Кожоев 3 гектар шалысын жыйноо үчүн 500 сомдон төлөп 30 адамды иштетти

turmush
Скачать
Просмотров: 187
 
Опубликовано 17 Сентября 2018, 13:31

Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 24 жаштагы тургуну Адылбек Кожоев 3 гектар аянтка эккен күрүчүнөн 12 тонна түшүм алууну болжолдоп жатат. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл күрүчтүн девзире, лазер, андижан деген түрлөрүн эккен. Учурда шалысын оруп, күнгө жайып акжуазга даярдап жатат. Азыр күрүчтүн 1 кг 100 сомго чейин бааланып жатса, кышында 150 сомго чейин көтөрүлөт. Быйыл 400-500 миң сомго чейин киреше табышы мүмкүн.

«3 гектар жердеги шалымды жыйноо үчүн 30га жакын адамды иштеттим. Жумушчуларга күн сайын 500 сомдон төлөдүм. Алар 1 күндө 1 гектар жерди оруп беришти. Жалпысынан 3 гектар жерди оруп-жыйноого 1 жума убакыт кетет. Азыр асфальт ысык болуп, тез кургаткандыктан шалыны ушул жерге жайып кургатабыз. Аны 3 күн, 3 түн жаябыз. Биринчи жайган күнү түнү менен жайып, күн ысыганда саат 10-11лерде кайра топтоп, үстүн жаап коебуз. Эгер аны топтобосок күрүч сынып кетет. Ошондуктан биринчи күнү салкында жайып, анан экинчи күнү күнгө жайса болот. 3 күн жайылгандан кийин аны акжуазга алып барып, күрүч кылып даярдайбыз», - деди ал.

Дыйкан күрүчтүн түшүмүн кышы менен сатып чыгат. Жубайы экөө 1 уулду тарбиялап жатышат.