Казакстанда таластык 30га жакын соодагерди камап салышты: Облус жетекчилиги маселени угуп «документтери туура эмес» деп жооп берди (соодагерлер)

turmush
Скачать
Просмотров: 1254
 
Опубликовано 17 Сентября 2018, 12:57

Кечээ, 16-сентябрда түндө Казакстанда таластык 30га жакын соодагер камакка алынгандыктан башка соодагерлер аларды бошотууга жардам сурап бүгүн, 17-сентябрда облустук администрацияга кайрылышты.

Соодагерлердин бири Нурзада Дүйшееванын айтымында, кыргыз-казак чек арасынан кыргызстандык 16 соодагерди казакстандык укук коргоо органдары «тиешелүү документтери жок» деген себеп менен кармап кетти.

«Талас облусу боюнча бул жерде тургандардын барыбыз Казакстандын Жамбыл облусуна алма-өрүк ташыйбыз. Менин иштегениме эле 7 жыл болду. Бүгүн түнү 16 кишини депортация кылып коюшту. «Эмне себеп менен кылып жатасыңар? Бизге алдын ала эскертүү берген жок» десек «биз 600 адамды депортация кылышыбыз керек» деп жооп берип жатышты. Биз барыбыз соодагерлик менен жан багабыз. Бажыдан өтүп жатканда айдоочуларды кыйнашат, өтүп жатканда кошумча акча төлөп өтөбүз. «Спринтер» менен барсак 20 миң теңге, «Портерлерге» 12 миң теңге беребиз. Жеке ишкер деген документти ачтырганда деле кошумча чыгаша гана болосуң. Жеке ишкер кагазы менен деле ал жактан соода кылууга болбойт», - деди ал.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков келген соодагерлерди кабыл алып, соодагерлердин өздөрүндө да күнөө бар экендигин айтты.

«Мен бул маселени эртең менен гана уктум. Бул боюнча Казакстандын Жамбыл облусунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Силерде дагы күнөө бар. Өзүңөр документтериңерди туура кылып, патент алуу керек да. Болбогон эле акча кетет ошого. Документтериңер туура болсо эмнеге кармайт силерди? Ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамы, тартиптери бар. Биз Советтер Союзунан 30 жыл мурун чыгып кетсек дагы аң-сезимибиз ошол жакта жүрөт. Ал бүгүнкү күндө башка мамлекет. 30га жакын адамды алып кеткен экен депортацияга. Сен экөөбүз азыр көзүбүздөн каныбызды агызып ыйласак дагы эч нерсе кыла албайбыз. Ал деген казактар.

Менин түшүнүгүм боюнча кечинде рейд болгон. Рейдде камагандан кийин документтиң туура эмес болсо депортация кылат», - деди Осмонбеков.