Клипке ич кийимчен тартылган 19 жаштагы Зере талкууга түштү

turmush
Скачать
Просмотров: 11667
 
Опубликовано 16 Сентября 2018, 10:43

Англис тилинен сабак берип, фрилансер жана социалдык долбоорлор менен алектенип жаткан 19 жаштагы Зере Асылбек кызы чыгармачылыкка жаӊы көз караш менен кошулуп, коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Өзүнүн айтымында, «Кыз» аттуу чыгармасы менен кыздар өз каалаганын жасоого укуктуу жана аны сындоого болбойт деген ойду бергиси келген.
«Бул чыгарма менен коомдогу кыздар жөнүндө болгон стереотиптерди жок кылууга аракеттендим. Бизде ар кандай кыздар бар жана алар өздөрү каалагандай жүрүүгө толугу менен укуктуу. Көпчүлүк кабыл алган стандарт көз караштар бактылуу болуубузга тоскоол болбошу керек.
Хиджаб кийген кыздар жакшы, ачык кийингени жаман деп же болбосо ачык кийинип, жабынбоо керек деген сөздөр кыздарды бири-бирине атаандаштырып, кандайдыр бир деңгээлде коомчулукка жагуу сынагына айланды. Кыздар бири-бирин жамандабай, чогуу биригип, өлкөбүздө жана дүйнөдө болгон глобалдуу маселелерди чечүүгө аракеттенүү зарыл деген идеаны жеткиргим келди. Кыздар хиджаб кийеби же ачык кийинеби ал ар кимдин өз эрки. Адамдын кийингенине жараша тыянак чыгаруу акылдуулукка жатпайт деп эсептейм» - деди ал.