Бүгүн, 14-сентябрда Талас шаардык бириккен аскер комиссариатында 30 жаш жигит аскерге кызмат өтөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, алар Ош облусундагы мамлекеттик чек ара кызматына барып, 2 ай аскердик тартипте даярдоодон өтүп, андан кийин чек ара заставаларга бөлүнөт. Бүгүн аскерге кызмат өтөй турган уландардын биринчи тайпасы жөнөтүлдү. Иш-чарага ата-энелер, район жана шаар жетекчилери катышты.
Быйыл Талас облусу боюнча 189 жигит аскерге кызмат өтөөгө барат.