Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Ф. Карабашоглы 20 жылдан бери бут кийим оңдоп тиричилик кылат

turmush
Скачать
Просмотров: 276
 
Опубликовано 20 Августа 2018, 14:10

Кызыл-Кыя шаарынын 61 жаштагы тургуну Фезли Карабашоглы 20 жылга жакын убакыттан бери бут кийим оңдоп тиричилик кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бут кийим оңдоо үчүн материалдарды Бишкек жана Ош шаарларынан алып келет.

«Үй-бүлөмдү бут кийим оңдоп багам. Андан сырткары үлүш жерибиз бар. Ал жакта эгин, мөмө-жемиш эгебиз. 3 балам бар, мектепке барышат. Келинчегим эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Бир бут кийимди 50 сомдон 100 сомго чейин тигем. Күн сайын 200 сомдон жогору киреше таап турам. Кээде эч нерсе таппай калган учурлар да болот. Бул кесибим сезон тандабайт. Жыл айланып болуп турат. Талаа иштери бутсо, бекерчимин. Кышы менен ушинтип иштеп, акча таап тиричилик кылам», - деди ал.