Ысык-Көлгө келген эс алуучу итин кошо көлгө түшүрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 26091
 
Опубликовано 15 Августа 2018, 00:14

Ысык-Көл көлүндөгү эс алуучу ити менен кошо көлгө түшүп жаткан учурду күбөлөр видеотасмага тартып алышкан. Мындай көрүнүшкө ошол аймакта жүргөн эс алуучулар нааразы болушту, деп билдирди окуянын күбөсү Чолпон Өмүрканова.

«Мен өзүм Каракол шаарынан болом. Чолпон-Ата шаарында теплоходго элдерди түшүрүп турам. Күндөгүдөй элдерди "Элнуру" пансионатынан теплоходго түшүрүп коюп, көл жээкте отурсам бир эс алуучу ити менен көлгө түшүп жатканын көрдүм. Ал эс алуучуга барып айтайын десем көл жээкте "жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт " деген белги жок экен. Ошол жерди көзөмөлдөп турган балага барып айтсам, "биз ар бирөөнүн артынан ээрчип жүрмөк белек", деп кайдыгер мамиле кылып койду.

Теплоход менен көп пансионаттарга барып иштешебиз. Айрымдарында жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт деген тыюу белгиси бар. Ит — айбан, көлдүн ичин булгашы мүмкүн. Мен көлгө бир түшүп алайын деп жаткам, бирок жийиркеничтүү болгондуктан түшкөн жокмун. Ушундай маселелерге көңүл бурулса жакшы болмок», - деди ал.
http://www.turmush.kg/news:350616