Баткендик Т.Матраимова соттун чечимине карабай атасынан калган үйдү өгөй апасы экөө бөлүшө албай жаткандыгын айтууда (Турганбү)

turmush
Скачать
Просмотров: 121
 
Опубликовано 14 Августа 2018, 08:54

Баткен районунун Бужум айылынын 1977-жылы туулган тургуну Турганбүбү Матраимова атасынан калган жерге Жогорку сот чечим чыгарса да Мамлекеттик каттоо бөлүмү сатыкка коюп койгондугун айтууда.
Анын айтымында, учурда атасынан калган үйдү өгөй энеси менен талашууда.
«Мен атамдын жалгыз кызымын. Атам Матраим Абдуллев 1940-жылы туулуп, 2012-жылы 71 жашында каза болгон. Апам Айимбанна Раимбердиева менен мен кичинекейимде ажырашып кетишкен. Бирок мен 11-класска чейин атам менен кошо жашап жүрдүм. Атам кийин мен 6 жашымда 1953-жылы туулган Минавархан Саттарова аттуу аялга үйлөндү. Экинчи аялы мени үйдөн апаңа кет деп кууп чыкчу. Ал учурларда апам менен атамдын ортосунда барып келип жашап жүрдүм. Кийин 11-калссты бүтүп эле Бужум айылына Ганыбаев Икрам дегенге чыгып, 2 балалуу болгондон кийин ажырашып, кеттим. Андан кийин Баткен шаарына Анвар Салимовго турмушка чыктым. Аны менен 5 жыл жашап, 1 уул, 1 кыздуу болгондо жолдошум оорудан улам каза болгон. Ал учурда жолдошум экөөбүз кайын энем менен чогуу жашачуубуз. Жолдошум каза болгондон кийин кайын энем үйдү кайын сиңдиме өткөрүп берип, бизди балдарым менен кууп чыкты. Айла жок балдарым менен өзүмдүн апам (Айымбаана Раимбердиеванын) үйүндө, өгөй атамдыкына барып жашап калдык. Азыр да ошол жакта жашайбыз. Мен өз атамдын жалгыз кызы болгондуктан андан калган жерди өгөй апам экөөбүз бөлүп алуу үчүн атайын сотко кайрылгам. Жогорку сот 2017-жылы 26-октябрда ошол жерди өгөй апам менен тең бөлүп берүү боюнча чечим чыгарган. Чечимди алып мамлекеттик каттоого барсам, өгөй апамдар алар менен сүйлөшүп, жерди сатыкка коюп коюшуптур. Азыр мен жерди ала албай, укугум тебеленип, тиешелүү жетекчиликтен жардам сурап жатам. Соттун чечиминин күчү жокпу же мамлекеттик каттоо жер сатып, бөлүп жеп үйрөнгөнбү? Буларды ким көзөмөлдөйт?», - деди Абдуллаева.

Ал эми анын өгөй апасы Минавархан Саттарова жолдошу ооруп жатканда кызы келип кабар албагандыгын белгиледи.

«Мен Матраим Абдуллаевге 1981-жылы 21-январда турмушка чыккам. Биринчи жубайы Айымбаана аттуу аял менен 1975-жылы ажырашкан экен. Ошол кезде Турганбүү Абдуллаева анын курсагында болгон экен. Ал таятасынын үйүндө төрөлгөн. Мен жолдошум менен 32 жылга жакын жашадым. 2 жыл жайында жатып, карап жүрдүм. Атасы ооруганда кызы Турганбү келип кабар алган эмес. Жолдошум өлөр алдында үйдү нотариус аркылуу мага өткөрүп берген. Эми жолдошум өлүп, кызы Турганбү менин үйүмдү талашып жатат. Мен үйдү былтыр сатыкка койгом. Азыр аны башка адам сатып алган. Мага «үйдү бошотуп бер» деп жатат. Менде азыр үйүм да жок, кайсы жерге барам билбейм», - деди ал.

Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын маалыматына караганда, аларга жогорку кыймылсыз мүлккө камак салуу боюнча соттун чечими келип түшкөн эмес.