Таласта тротуар жасаган 180 адам маяналарын ала албай ишкананын үстүнөн даттанууда

turmush
Скачать
Просмотров: 1283
 
Опубликовано 14 Августа 2018, 08:09

Талас облусундагы Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунунун жээгиндеги тротуарларды куруп жаткан 180 адам айлык акыларын ала албай жатышат. Бул тууралуу жумушчулардын бири Талант Жапаркуловдун апасы Калбү Жапаркулова билдирди.

«Мен Талас районунун Талды-Булак айылынын тургунумун. Мен дагы башкаларга окшоп эле бул жерде баламдын айлыгын берсе экен деп жүрөм. Бул жердеги 180 бала бир үй-бүлөнүн оокат-ашын камсыздагандар. Бул тротуарды куруу үчүн жумушка алыскы Жалал-Абад, Алайдан, Ысык-Көлдөн бери келишкен балдар бар. Үйлөрүнө кете албай, жол киреси жок жүрүшөт», - деди ал.

Куруучулардын өздөрүнүн айтымында, Талас районунун Чат-Базар айылынан баштап Талас шаарына чейин бордюр коюшуп, тротуар курушкан.

«Биз май айынан баштап «Ата кенч» фирмасында тротуар куруу үчүн иштеп жатканбыз. Талас районунун Чат-Базар айылынан баштап, Талас шаарына чейин бордюр коюп, троатуар жасадык. Жалпы 180 адам 2 айдын айлык акысын ала албай жатабыз. Убада боюнча ар бирибизге эң азы 60 миң сомдон берилмек», - дешти алар.

Жумушчулар айткан фирма менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Ал эми Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев жумушчуларга буга чейин жергиликтүү бийлик катары жарымысынын маяналарын алып беришкендигин билдирди.

«Бул Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолу биздин баланска өтө элек. Ал транспорт министрлигинин карамагында. 20-августа бизге тапшырылып берилмек. Бирок иш бүгүнкү күнгө чейин толугу менен бүтө элек. Алардан кабыл алуу акты алынып, бизге өткөндө гана бизге тиешелүү болот. Азыр булардын ишине кийлигишүүгө мыйзам жол бербейт. Биз жергиликтүү бийлик катары гана айтып, иш-чараларды жүргүзүп жарымынын айлык акысын алып бергенбиз. Бүгүнкү күндө айлыктарын ала албай жатабыз деген тургундар финполицияга, прокуратурага арыз жазышты. Ал унаа жолдун курулушунда «Чакыр-Япык» ишканасы подрядчик болсо, тратуарларды куруу боюнча субподрядчик Ата-Кенч» болуп жатат. Маалыматтарга караганда алар да өз ара соттошуп жатыптыр», - деди Мураталиев.