21 жаштагы Алмаз кыздар менен кантип таанышарын айтып берди

turmush
Скачать
Просмотров: 5864
 
Опубликовано 7 Августа 2018, 02:01

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 21 жаштагы тургуну Алмаз уулу Элдос өзү жөнүндө ар кандай видеолорду тартып, интернетке жайгаштыруу менен алек болуп келет. Ал келечекте дүйнөгө белгилүү вайнер болгусу келет.

«Мени көрдүӊүз да. Чынында боюм аябай жай өсөт. 9-классты бүтүп жатканда 1 метр 12 см эле болчу. Азыр болсо 1 метр 30 см болду. Мени көбү кичинекей бала деп ойлошот. Албетте, мен буга капа эмесмин. Мунун да артыкчылыгы бар. Кудайым ар бирибизге ар кандай бой берет экен. Ошол берген бойго шүгүр дешибиз керек. Андан көрөк кем акыл бербесин.
Кээде, кыздар менен таанышканда жашымды аябай ылдый айтып койсом ишенип калышат» - деди ал.