Токмок шаарына караштуу Сахзавод районунун тургундары 30 жылдан бери каралбай калган канализацияларды тазалап, кайрадан ишке киргизүүгө аракет кылышууда. Бирок канализацияны оӊдоп-түзөөдө жергиликтүү элдин акча каражаты жетпей калган. Мындан улам алар калаа бийлигинен жана өкмөттөн жардам күтүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондун тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, каралбай калган канализациялардагы саркынды суулар үйлөргө зыянын тийгизүүдө.