Ошто шаар мэрин шайлоо башталды #2

turmush
Скачать
Просмотров: 1442
 
Опубликовано 18 Июля 2018, 10:43

Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэрин шайлоо үчүн кезексиз сессияга чогулушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, сессияга Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын бардыгы катышууда. Учурда мэрликке талапкер Таалайбек Сарыбашов өзүнүн программасын тааныштырууда.

«Ош шаарын өнүктүрүүгө базар экономикасынан баштап туризм жана ишкерлерди колдоо жагын алдыга коюп жатабыз. Мындан сырткары шаардагы жол тыгынын жолдордун абалын жакшыртууга көңүл бурабыз. Эл аралык жолдорду дагы жөнгө салуу керек. Азыр шаарда наристелерибизин 30% гана бала бакча менен камсыз болуптур. Ушул жагын дагы колго алабыз. Ошту 2 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөртүүгө аракет кылабыз. Сиздер колдоп берсеңиздер таза, ак иштеп берем», - деди талапкер.

Депутаттардын арасынан 3 адам шайлоонун жүрүшүнө комиссия катары шайланды. Бүгүнкү сессияга өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Шайлообек Козубаев, борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаары боюнча өкүлү, Ош шаарынын вице-мэрлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Таалайбек Сарыбашов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал Ош облусунун жетекчиси кызматына Сооронбай Жээнбековдун ордуна келген болчу.