Кара-Сууда 2 унаа кагышып, 3 адам ооруканага түштү

turmush
Скачать
Просмотров: 436
 
Опубликовано 14 Июля 2018, 13:15

Кечээ, 13-июлда Кара-Суу районунун Медресе айылында 2 унаа кагышып, 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 18:30 чамасында болгон. Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ч.М. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасы менен айланма жолдон негизги жолго чыкканда, Ош шаарынын 1996-жылы туулган «Хендай Портер» А..Малика айдап келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Мерседес-Бенцтеги» 2 жүргүнчү, «Хендай Портердин» 1 жүргүнчүсү Ош облусутук ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан иликтөө жүрүп жатат.