Малдан суу талашып ичкен бейшекеликтердин жашоосу

turmush
Скачать
Просмотров: 151
 
Опубликовано 13 Июля 2018, 18:13

Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында жергиликтүү тургундар бир нече жылдан бери таза суусуз жашап келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл жашоочулары билдиришти.
Алардын айтымында, буга чейин жергиликтүүлөр суу түтүгүнөн аккан сууну тундуруп ичип келишкен. Бирок мындан 4 жыл мурун Кемин райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери аталган айылдын суусун текшерип, ал гигиеналык нормативдерге дал келбестигин аныктап, сууну ичүүгө болбойт деген чечим чыгарышкан. Мындан улам элеттиктер өкмөткө кайрылып, айылдагы суу көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Бирок ушул күнгө чейин алардын бул маселеси чечилген эмес. Жакында эле, тактап айтканда мындан эки ай мурун ылай суу агып, суу түтүктөрү, суу чыпкалоочу жайы толугу менен жарактан чыккан. Учурда айыл тургундары сайдагы сууну малдан талашып ичишүүдө.