Таласта президенттен иниси үчүн жардам сураган келин

turmush
Скачать
Просмотров: 3052
 
Опубликовано 12 Июля 2018, 16:43

Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну Гулдари Сманова бүгүн, 12-июлда Талас иш сапар менен келген президент Сооронбай Жээнбековго көйгөйүн айтып жардам суроо үчүн келип, бирок жолуга албай калгандыгын айтууда.

Өзүнүн айтымында, президенттен операция жасатууга муктаж болуп ооруп жаткан иниси үчүн жардам сурамак.

«Иним Жаныбек уулу Манас Бишкек шаарында медициналык академияда 4- курсту аяктады. Ушул жылы баш мээсине шишик чыгып, бир жолу өзүбүз 13 миң долларга операция жасаттык .Август айына чейин дагы бир операция жасалышы керек. Экинчи операция дагы Түркияда 15 миң долларга жасалат экен. Жардам сурап бардык жактарга кайрылдык. Облус администрациясындагы жетекчилерге айтып, жардам сурадык. Натыйжа чыкпагандыктан, бүгүн президенттин жыйынына келгем. Ичине кире албасам дагы сыртта туруп, плакатыма өлкө башчысы көңүл бурса экен деген ниетте турам. Балабызга акча бер деп сурабайбыз, карызга гана берип турса», - деди ал.