Аталган жолугушууга банктардан карыз алып, үйлөрүнөн ажырап калгандар да келип, жыйынга кире албай турушкандыгын билдиришти.
Алардын өкүлү Эльдар Алаковдун айтымында, өлкө жетекчисинин Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрда саат 15:00го белгиленген элдик жыйынына келишкен. Бирок аларды иш-чараны уюштургандар киргизбей коюшту.
«Биз башында жыйын 11-июлда болот деп укканбыз. Бизге алдын ала айтышкан эмес. Бизди уюштуруучулар атайын киргизбей коюшту. Президентке 82 беттен турган кат жолдойлу дегенбиз. Сот системасы боюнча, бир нече көйгөйлөрдү дагы айталы дегенбиз», - деди Алаков.