Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июлда Кара-Буура районунун Шекер айылына келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, президент айылдагы «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышат. Президентти парламенттиги депутаттар Рыскелди Момбеков, Зарылбек Рысалиев, Гүлкан Молдобекова жана Алясбек Алымкулов коштоп келди. Шекерлик тургундар менен жолугушуу учурунда Чолпонбай айылында жашаган айым өлкө башчысына Куран китеп белек кылды.