Идиш жууйм, кээде жуубай коём да, чарчайм да - 6 жаштагы Инайя

turmush
Скачать
Просмотров: 226
 
Опубликовано 12 Июля 2018, 02:12

Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку кичинекей каарманыбыз Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 6 жаштагы кичинекей тургун Инайя Максатбекова болмокчу.
Инайянын апасы Самара Садыгалиева кийим ондоочу болуп иштесе, атасы Максатбек Жукешов райондук архитектурада эмгектенет.
«Инайя - араб тилинен кыргызчага которгондо камкордук же камкорчу деп которулат. Кызынын ысымын атасы өзү койгон. Эң кенже кызыбыз», - деди апасы С.Сыдыгалиева.

- Инайя атаңдын аты ким жана каякта иштейт?
- Папамдын аты Максат. Ал үй салып иштейт. (Архитектурада иштейт)
- Апаңдын атычы, ал кайда иштейт?
- Самара. Кийим тиккич болуп иштейт. (Кийим оңдоочу жайы бар)
- Сен канча жашка чыктың?
- Алты
- Чоңойгондо ким болгуң келет?
- Чач жасагыч
- Ырчылардан кимди жакшы көрөсүң?
- Мына минтипти (Сьездбек Искеналиевдин ыры)
- Садикке барасыңбы же мектепке барасыңбы?
- Садикке
- Атыңды ким койду эле Инайя деп?
- Атам
- Атаңды жакшы көрөсүңбү же апаңды жакшы көрөсүңбү?
- Атам экөөнү
- Үйдө бош кезде не кыласың?
- Жомок айтып берем. Мамама.
- Эмне деген жомокторду айтып бересиң?
- Колобокту, анан неме айтып берем эки чычкан жалкоо болгон жомокту айтып берем.
- Сени апаң эмне деп эркелетет?
- Жаным, каражаным деп эркелетет.
- Папаңчы?
- Папам деле
- Садикте кимдер менен доссуң?
- Арууке анан Алин, дагы Сезим.
- Баарынан кимди жакшы көрөсүң?
- Анткени мамамды аябай жакшы көрөм. Мамам деген жатаарда жомок айтып берип турат.
- Мамаң сага эмне сатып берет?
- Мамам, неме акчасы жетип калган нерселерди сатып берет
- Атаң жумуштан кеч барабы?
- Кээде эрте барат, кээде кеч келет
- Атаң жумуштан кеч барса, апаң урушабы?
- Урушпайт.
- Сен үйдөн тентектик кылып койсоң мамаң урушабы?
- Ооба. Чымчып эле урушуп коёт.
- Сен эмнелерден коркосуң?
- Жөргөмүш, анан чиркейлерден. Чиркейлер чагат да. Анан аарыдан корком.
- Кандай машиналар жагат. Чоңойгондо кандай машина айдайсың?
- Машина айдабайм. Машиналарды кайда сатат билбейм да.
- Үйдөн эмне жумуш жасайсың?
- Идиш жууйм, кээде жуубай коём да. Чарчайм. Эжем идиш жуубай койдуң деп урушат.
- Кыргызстандын президенти ким, билесиңби?
- Сооронбай