Учурда этти сөөгү менен жей турган куурдактын түрлөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларга алынууда. Кыргызстандын белгилүү инсандарынан тарта жөнөкөй адамдарга чейин этти сөөгү менен жеп видеого түшүп, аны элге таратуу модага айланды. Аймактык кабарчы үй шартында этти сөөгү менен жей турган куурдак кандай жасаларын ашпозчу Зуура Бекеровадан үйрөнүп келди.