Жубайлар: Баткендик Эркинбек менен Алымкан ата-энелеринин каршылыктарына карабай баш кошуп, 2 кыздуу болушту (Алымкандын апасы)

turmush
Скачать
Просмотров: 224
 
Опубликовано 9 Июля 2018, 17:47

Баткендик 26 жаштагы Эркинбек Мамытов келинчеги Мунарбек кызы Алымканды Москвада иштеп жүргөн учурда тапкан. Аймактык кабарчы жаш жубайлардан кабар алды.
Алымкан айымдын айтымында, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылында чоңойгон. Орто мектепти аяктаган соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин энергетика тармагы боюнча адистикке тапшырып, кийин Москва шаарына иштегени кеткен. Ал жактан япон ресторанында ашпозчу болуп иштеп жүрүп жолдошу Эркинбек менен таанышып калган.
«Эркинбек менен ошол ресторандан таанышып калдым. Бир көргөндө эле анын сырткы келбетин жактырдым. Бою узун, кашы-көзү кара, сөзүнө турган, адамгерчиликтүү экен», - деди ал.
Эркинбек мырзанын айтымында, мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык адистигине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган. Бир туугандары Москва шаарында иштегендиктен аны да чакыртып алышкан. Алымкан ал жакта анын жеңеси менен чогуу иштешчү. Жеңесине тамашалап «кызыңыздарды Баткенге алып кетем» деп айтып калчу.

«Алымкан атына заты жарашкан, чачы да узун кыз экен. Аны көрөр замат келечектеги келинчегим ушул болот деп ойлодум. Кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүүнү сунуштагам. Ошентип 2,5 жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Бул аралыкта менин 2 агам, эжем жана апамдын сиңдиси, Алымкан жеңелери менен чогуу бир батирде жашап калдык. Жакындарым Алымканды сынап жүрүштү. Кийин алар да баш кошконго макулдугун беришти», - деди ал.

Эркинбектин апасы Үрүнса Юсупованын айтымында, баласы Москвадан телефон чалып, жалал-абаддык кызга үйлөнөөрү тууралуу айтканда жолдун алыстыгын ойлоп алгач каршы болгон. Бирок кийин экөө бири-бирин чындап жакшы көрөрүн билгенден кийин макулдугун берген. «Азыр балам менен келинимдин жашоосу жакшы. Келинимди өз кызымдай эле көрүп калдым. Жол алыс, жакындарынан бир топ алыста деп да анын көңүлүн алганга аракет жасайм. Келинди үй-бүлөнүн нугуна түшүрүү да кайын энеден болот. Башында каршы болгонум менен азыр өкүнбөйм», - деди ал.

Жубайлар 2014-жылы март айында Москва шаарында баш кошкон. Учурда 2 кыздуу болушту. Улуу кызы 3,5жашта болсо, кичинекей кызы ушул жылдын 19-июнунда төрөлдү.
Алымкан айымдын апасы Рано Төрөбаева башында кызы баткендик жигитке турмушка чыгам дегенде, Москвада аны менен чогуу иштешкен баткендиктерден сураштырган. «Баткенде келин болуу кыйын, жумушу көп» деген жоопту укканда каршы болуп чыккан. Менин каршылыгымды кызымдын сүйүүсү жеңди окшойт. «Турмушка чыксам ошо жигитке чыгам, анын үй-бүлөсү сиз ойлогондой эмес, анын жакындары менен чогуу бир батирде жашайбыз. Жаман жактарын көрбөдүм» деген кызынын сөзүнөн кийин макул болгон.
«Бирок чындыгында кызымды алыс болсо да баткендик жигиттин колуна тапшырганыма өкүнбөйм. Үй-бүлөсү менен да тааныштым. Жакшы адамдар экенине ынандым», - деди ал.