Айыл турмушу: М.Кожомбердиев жубайы экөө чет өлкөдөн күнөскана курууну үйрөнүп келип, дыйканчылык кылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 2902
 
Опубликовано 9 Июля 2018, 11:53

Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Медер Кожомбердиев үйүнө 45 метр узундуктагы күнөскана куруп, дыйканчылык кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, күнөсканы курууга атасы Тилеккан Кожомбердиев жардам берген.

«Быйыл март айынын башында бадыраңдардын кичинекей стакандарга тигилген уруктарын Бишкектен алдыртып, бир-бирден тигип чыктык. 9-мартта уруктар көчөт болуп өсүп чыгып, 1 ай 15 күн болгондо күнөсканага отургуздурдук.
Кайра 10-июндан тарта сатып баштадык. Талас ичиндеги дүкөндөргө коюп дагы сатып баштадык. Помидорлор эми кызарып баштады. Буйруса сатыкка чыгарабыз деген ойдобуз.

Күнөскана курууну жубайым экөөбүз Москвадан үйрөнүп келгенбиз. Анда помидор, бадыраң өстүрөбүз. Кошумча өзүбүзгө керек болгон укроп, петрушка, капуста, таттуу калемпир, сабиз, өстүрөбүз Азыркы учурда бадыраңдарды 30 сомдон сатып баштадык. Азыр жаңы сатып баштагангабы киреше аз-аздан болуп жатат. Буруса кирешебиз чыгашаларды жабат деген ойдобуз. Көптөр күнөсканабызды кичинекей деп ойлошот. Өздөрү көргөндө «чоң турбайбы» деп таң калышат (күлүп).

Өзүм мурда жыгач тилүүчү пилорама иштетчүмүн. Азыр болсо курулушта иштеп баштадым. Күнөскананы жубайым Жумагүл карайт», - деди ал.

Дыйкан жигит жубайы экөө 1 баланы тарбиялап жатышат.