Баткен мамлекеттик университети өнүгүү жолунда #1

turmush
Скачать
Просмотров: 189
 
Опубликовано 9 Июля 2018, 10:58

Баткен мамлекеттик университети өлкөнүн борборунан бир топ алыста жашаган жаштардын билим алуусуна шарт түзүп келет. Балдардын каалаган кесибинин ээси болуп, келечеке кадам таштоосу менен катар, жол акы, жашоо үчүн батир маселесин эсептегенде эле үй-бүлөлүк бюджетке да бир топ жеңилдик алып келет. Анткени Баткенден Ош же борбор калаабыз Бишкек шаарына барып окуу үчүн ар бир үй-бүлөнүн шарты туура келбейт.

Бүгүнкү күндө Баткен мамлекеттик университети бир топ алгылыкктуу иштерди аткарып, өнүгүү жолунда келе жатат. Ага 3 жылга жакын убакыттан бери ректор болуп иштеп келе жаткан Авдувап Зулпиевдин салымы чоң.

Баткен облусунун социалдык-экономикалык деңгээлин көтөрүүгө салым кошуу максатында атайын экономикалык, техникалык, коомдук-гуманитардык, экологиялык, филологиялык, педагогикалык багыттарды камтыган темалардын негизинде терең илим изилдөө иштери жүргүзүлүп келүүдө. Облустун аймагында илимий иштерди жүргүзүү үчүн жыл сайын атайын илимий долбоорлорду сынактарга сунуштап, республикалык каржылоодон гранттарды утуп, иш алып бара жатат. Мисал катары айта турган болсок 2018-жылдын январь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен БатМУнун ортосунда 762 миң сомго илимий изилдөө иштерине келишим түзүлүп, «Кыргызстандын көйгөйлүү райондорундагы калкта өпкө рагынын пайда болушунда радондук фактордун ролун баалоо жана мониторинг жүргүзүү» аттуу теманын үстүндө изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Аты айтып тургандай эле бул илимий долбоор Баткен облусунун илимдеги эң көйгөйлүү маселелерине арналган.

Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдык юбилейине карата Баткен мамлекеттик университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусунун кыргыз адабиятындагы, маданиятындагы ордун белгилеген куратордук, тарбиялык жана ачык сааттар өткөрүлүп, ошондой эле жазуучунун 90 жылдыгына арналган бурчтар уюштурулуп, дубал гезиттер жарык көргөн. Окуу жайдын бардык китепканаларында Ч.Айтматовго жана анын чыгармачылыгына арналган көргөзмөлөр уюштурулган. Улуу жазуучунун чыгармачылыгына, өмүр жолуна байланышкан интеллектуалдык оюндар, ар түрдүү таймаштар БатМУнун бардык окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.

БатМУ облусубуздагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо республикадагы, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги ЖОЖдор, илимий жана өндүрүштүк уюмдар менен кызматташууну кеңири улантууда. 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 2018-жылдын 27-28-29-июнь күндөрү БатМУнун «Жаңы маалыматтык революциянын экономика-техникалык платформасы» аттуу эл аралык VII илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргызстандын жана Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын жогорку окуу жайларынан окумуштуулар келип катышып, өлкөнүн экономикасын, айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча жүйөлүү пикирлерин айтышты. Конференция онлайн режиминде түз байланышта жүргүзүлүп, ага Россиянын 15 жогорку окуу жайы катышып, ал эми секциялык иштерде 12 видео доклад окулду. Конференциядагы баяндалган мыкты макалалар Scopus жана Web of Science каттоосундагы журналдан жарык көрөт. Мындай деңгээлдеги конференция Орто Азияда, башкача айтканда Баткен жергесинде биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Баткен аймагынын байыркы тарыхы, сакталып калган маданий мурастары илгертеден эле саякатчыларды, тарыхчыларды, археологдорду, изилдөөчүлөрдү жана башкаларды кызыктырып келет. Музей бул – ар бир чөлкөмдүн тарыхын, маданиятын чагылдырып турган жүзү, күзгүсү болуп эсептелинет. Өсүп келе жаткан муундарыбызды аймактык тарыхыбыз, маданиятыбыз менен тааныштырып, тарбия берүү биздин милдетибиз. Сырттан келген коноктор да Баткендин тарыхы жана маданияты менен таанышканга аракет кылат. Баткен облусунун борбору болгон Баткен шаарында музейдин жоктугунан улам БатМУнун ректораты жана тарыхчылар 2 жылдан бери музей түзүү иш-аракетин колго алышып, быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Баткен мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн аймактык музейинин ачылуу аземи 28-июнь күнү өткөрүлдү. БатМУнун ректораты тарабынан бул иш колдоого алынып, тиешелүү акча каражатынын эсебинен уюштурулду. Анын ачылышына БатМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А.М.Зулпуев, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Ж.А.Ташиев, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү элдин өкүлдөрү катышты.

Мезгилдин талабына ылайык, студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү да өз деңгээлинде ишке ашырылып жатат. 2016-жылы 21-майда Ош декларациясына кол коюлгандан кийин 2016-2017-окуу жылында Баткен мамлекеттик университетинен 18 студент Ош мамлекеттик университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алып келишти жана бардыгы академиялык мобилдүүлүк боюнча сертификаттарга ээ болушту. 2017-2018-окуу жылында 14 студент Ош мамлекеттик университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, Ыссык-Көл мамлекеттик университетинде билим алып жатышат. Мындан сырткары, 2017-жылдын 22-сентябрынан 4-октябрына чейин Мевлана (алмашуу) программасынын алкагында БатМУнун англис тили окутуучусу Давранова Г. 18-Март университетине (Түркия) барып, тажрыйба алмашып келди. Мындан тышкары «Жаңы маалыматтык революциянын экономика-техникалык платформасы» аттуу эл аралык VII илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында Россиянын Нижний-Новгород шаарындагы педагогикалык институту менен студенттердин стажировкасын уюштуруу иштери боюнча маселелер сүйлөшүлдү.

БатМУнун демилгеси менен Баткен шаардык мэриясы тарабынан БатМУнун окуу имараты жана жатакана үчүн 3,5 гектар жер бөлүнүп берилип, «Ошгипрострой» АКнун долбоорлоо институту тарабынан жалпы сметалык баасы 218 млн сом болгон 3000 студентке ылайыкташтырылган заманбап үлгүдөгү окуу имаратынын долбоору түзүлдү. Азыркы мезгилде, имаратты куруу Баткен мамлекеттик университети тарабынан үнөмдөлгөн 13,5 млн сом өздүк каражатынын эсебинен жүрүп жатат. Азы окуу имаратынын пайдубалы казылып, подвалдык бөлүгү 70-80% бүткөрүлүп калды.


Региондук мугалимдерин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында кошумча билим берүү программасы боюнча лицензиялык экспертизадан өтүп, жаңы окуу жылында мектеп мугалимдери үчүн «Окуу процессинде жаңы маалыматтык технологиялар» курсун уюштуруу пландаштырылды. Баткен областынын жаштарын билимге умтулуусун жакшыртуу жана билимдүү жаштарды көбөйтүү максатында Баткен жергесинин жашоо-шартына ыңгайлуу болгон БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй адистиктер ачылды жана жаштарды келип билим алуусуна жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилөөгө болот.
Мисалы:

· мектепке чейинки балдар менен иштөө;

· башталгыч класстар менен иштөө;

· социалдык педагогика;

· электрификация;

· ветеринария;

· юриспруденция;

· бухгалтердик эсеп;

· тигүү жана дизайн;

· экология

· туризм

Көп тилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында БатМУнун илимий-педагогикалык курамы тренинг-модулдардан өтүп, окуу процессине киргизүү маселелери каралууда.