Тоңдук А.Русланов 80 гектар таштак жерди бакчага айландырды

turmush
Скачать
Просмотров: 704
 
Опубликовано 13 Июня 2018, 15:24

Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын тургуну Арстанбек Русланов 80 гектар таштак жерге тамчылатып сугаруу жолу менен мөмө-жемиштердин түрүн өстүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн айылдык кеңешинин төрагасы Айбек Жороев билдирди.

«Бул жер Арстанбек Русланов тарабынан 2005-жылы "Нарсуу" кооперативи болуп негизделген. Ал Ак-Өлөң айылынын үстү жагынан 80 гектар жерди алып, жерден суу чыгарып, тамчылатма жолу менен алма, өрүк жана башка мөмө жемиштерди өстүрүп келет. Жерден өзү эле пайда көрбөстөн, Ак-Өлөңдүн элин да жумуш менен камсыз кылып жатат. Жайында мөмө-жемиштерди жыйноого кошумча күч талап кылынып, айыл эли иштеп кошумча акча таап алышат», - деди ал.

80 гектар жерге жайы-кышы кам көргөн жумушчу топтун башчысы Кулманбет Токтомбаев бакча тууралуу айтып берди.

«80 гектар жердин басымдуу бөлүгүнө өрүк бак тигилген. Анын көчөттөрү 2009-жылы отургузулган. Өрүктүн краснощекий, султан, королевский деген сорттору бар. Аталган аймакка өрүктүн жалпы 10 миң түпкө жакын көчөтү отургузулган. Мындан сырткары 7 гектар жерге алма, 8 гектарга шабдаалы, 9 гектарга кара өрүк жана 3 гектарга гилас тигилген. Бүгүнкү күндө 80 гектар жердин 60 гектарына мөмө-жемиш айдалып бүтүп калды. Түшүмдүүлүгү боюнча өрүктү мисал катары айтып кетсем, былтыркы жылы 3 унаа түшүм алдык», - деди ал.