Москванын Садовое айылында поезд сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

turmush
Скачать
Просмотров: 3899
 
Опубликовано 8 Июня 2018, 20:07

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылында эл ташыган поезд «ГАЗ-53» унаасын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык саат 11:20 чамасында катталып, анын кесепетинен жүк ташуучу унаанын айдоочусу катуу жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган айдоочуну райондук ооруканасына жеткиришкен. Бирок жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
https://www.turmush.kg/news:347002?fr...