Ак-Талаада «Жыл мугалими - 2018» сынагынын баш байгесин С.Бакасова менен К.Сулайманова жеңип алды

turmush
Скачать
Просмотров: 485
 
Опубликовано 20 Мая 2018, 17:51

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Жыл мугалими - 2018» сынагы жыйынтыкталып, баш байгени 1 мугалим жана 1 тарбиячы жеңип алгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин өткөрүлүп келе жаткан райондук деңгээлдеги сынакка орто мектептин мугалимдери жана бала бакчанын тарбиячылары катышкан.
18-май күнү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, райондук маданият үйүндө сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктары тапшырылып, сыйлык тапшыруу аземи концерттик программа менен коштолду.
Анда, баш байгени Жерге-Тал айылынын «Аруу-Нур» бала бакчасынын тарбиячысы Салтанат Бакасова жана Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Касиет Сулайманова жеңип алып, нан бышыргыч, диплом менен сыйланышты. Баш байге үчүн райадминистрация демөөрчүлүк кылып берген.
Ал эми, 1-орунду Байгөнчөк айылынын «Байгөнчөк-Келечеги» бала бакчасынын тарбиячысы Астра Макеева жана Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Махира Молдокыдырова камсыздап, баалуу белек жана диплом менен сыйланышты. 1-орундуктун байгесин райондук билим берүү бөлүмү демөөрчүлүк кылган.
2-орунду Баетов айылынын «Жаш балаты» балдар бакчасынын тарбиячысы Жийде Осмонова менен Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалими Гүлүм Саадабаева ээлеп, жеке ишкер Чэрленс Азимжановдун байгелерине ээ болушту.
Ошондой эле, 3-орунду Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин мугалими Гүлзина Касымова менен Тоголок Молдо айылынын «Адис-Адилет» бала бакчасынын тарбиячысы Сайрагүл Султаналиева камсыздашып, «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин баалуу белектери менен сыйланышты.
Андан сырткары, «Активдүү катышуучу» номинациялары менен бир катар мугалимдер райондук билим берүү бөлүмүнүн, райадминистрациянын, Кыргызстан Аялдар конгрессинин ыраазычылык каттары, ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланышты. Сынакка катышкан мугалимдерге жана жеңүүчүлөргө концерт тартууланды.