адамжайдын Пум айылында 2 карышкыр атылып, 6 бөлтүрүк алынды

turmush
Скачать
Просмотров: 3087
 
Опубликовано 20 Мая 2018, 15:31

Кечээ 19-майда Кадамжай районунун Пум айылындагы тоодон 2 карышкыр атылып, 6 бөлтүрүк алынды. Бул тууралуу «Ош-Баткен» мергеничлер жана балыкчылар коомунун Араван району боюнча инспектору Буркан Ахматалиев билдирди.
«Биз жылына элге зыян келтирген карышкырларды атып, бөлүктөрүн кармап, алардын терилерин жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинен түштүк боюнча өкүлчүлүгүнө тапшырып турабыз. Бул ирет Пум айылынын элинин чакыруусу менен бардык. Ал жерде элдин топоздоруна жана малына кол салып, жеп жүргөн 2 карышкыр атылып, 6 бөлтүрүк алынды.

Биздин 3 бригадабыз бар. Ар бир биригадада 5-6 мергенчи бар. Биз жергиликтүү бийлик жана органдардан уруксат алуу менен аңчылык кылып келебиз», - деди Акматалиев.