Кайгырткан Кайырма каналы; Кара-Бүргөн айылындагы каналдын начардыгынан улам, 2 айдан бери жер айдоо иштери баштала элек

turmush
Скачать
Просмотров: 507
 
Опубликовано 19 Мая 2018, 16:38

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында Кемеге-Кайырма каналынын начардыгынан улам 2 айдан бери айдап-себүү өнөктүгү башталбай жаткандыгына жергиликтүү дыйкандар кайрадан нааразы болушууда. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, союз учурунда курулган канал Жаман-Даван дарыясынан сугат суусун алынып келген. Союз тараган соң, канал кыйроого учурап, эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлбөй жергиликтүү дыйкандар үлүшкө тийген жерлерине сугат суусун алып келе албай кыйналып келишүүдө.
Жыл сайын, каналдын башын суу агызып кетип, дыйкандар колдору менен таш тизип, сугат суусун алууга аракеттерди көрүп келишкени менен эч кандай майнап чыкпай келет.
«Жаман-Даван дарыясынан Кемеге-Кайырма каналы аркылуу Кичи-Көк-Колот чөлкөмүндөгү 393 гектар аянтка, Көтөрмө чөлкөмүндөгү 542 гектар үлүшкө тийген айдоо аянттарына, ошондой эле Бошке чөлкөмүндө өздөштүрүлө турчу 500 гектар, жалпы 1435 гектар аянтка сугат суусу толук жетпей, айдоо аянттар пайдаланылбай калуу коркунучунда турат. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганы менен, мындай ирригациялык обьектилерди оңдоп берип коюшса болмок. Канча жылдан бери кыйналып келе жатабыз. Үнүбүздү уккан, абалыбызды сураган жан жок» - дейт жергиликтүү тургун Турсунбек Садыков.
Учурда дагы, канал кайрадан кыйроого учурап, дыйкандар сугат суусуз калып, ушул кезге чейин жер айдоо иштери баштала элек. Мунун кесепетинен аталган айыл элинин жарымы дан эгиндерисиз жана тоют өсумдүктөрүсүз калуу коркунучуна кептелди.
Бул боюнча бийликтин бир дагы өкүлү каналга келип, дыйкандардын абалын көрүп, тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатышкандыгы өкүндүрүүдө.