Нарын облусунун Ак-Талаа районунда биринчи жолу Энелер күнүнө карата 300 тирүү роза гүлү тапшырылып, Энелерди кубанычка бөлөнгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 18-май күнү «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин жаш активисттери Энелер күнүнө карата атайын Бишкектен келишип, маданият үйүндө Энелер күнүнө карата апаларды куттукташып, аны менен бирге эле 300 энеге роза гүлүн белекке сунушуп, энелерди кубанычка бөлөштү.