Чүй өрөөнүнүн аймагынан орун алган Чуңкурчак жайлоосунан жайында чет элдик жана жергиликтүү эс алуучулардын аягы үзүлбөйт.
Жайлоонун жээктери койкойгон карагайлардын токою, андан ары бийик тоолор менен курчалып, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Абасы таза жана аба ырайы мээлүн келген жайлоодо 20 жылдан бери бээ байлаган Мырзабек Исаков күнүгө 5 маал 9 бээ сааса, жубайы 6 уй саап, каймак жана сары май жасап сатып келет. Мырзабек Исаков менен аймактык кабарчы таанышты.