Ак-Талаа районунда Энелердин күнү салтанаттуу белгиленди

turmush
Скачать
Просмотров: 284
 
Опубликовано 19 Мая 2018, 10:53

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Энелер күнү салтанаттуу белгиленип, бир катар энелерге сыйлыктар жана гүлдөр тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 18-май күнү маданият үйүнүн концерттик залында чогулган энелерди облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, аким Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, аксакалдардын атынан Бегаалы Бексултанов, Аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Чатыркүл Ддононбаева, айыл өкмөт башчылардын атынан Гүлмайрам Үчүгөнова жалпы аялзатын куттукташып, аялдардын коомдогу зор ролу, үй-бүлөдөгү таасирлүү орду туурасында өз ойлорун айтышты.
Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө, Кыргызстан аялдар конгрессинин, райондук Аялдар кеңешинин жана «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин сыйлыктары тапшырылды.
Андан сырткары, маданият үйүнүн өнөрпоздору, балдар музыкалык мектебинин жана ошондой эле балдар билим берүү борборунун концерттик программасы менен коштолуп, кичинекей бөбөктөр энелерге гүлдесте сунушту.