Бүгүн, 18-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жергиликтүү тургундар маалымдады.
Алардын айтымында, анын денеси эртең менен саат 10:00 чамасында табылган. Андан кийин милицияга кабар берилип, алар иликтөө иштерин аткарып жатышат.