Таласта шаардык электр тармагынын кызматкери катышкан кырсыктан 2 адам жаракат алып, унаалар талкаланды

turmush
Скачать
Просмотров: 376
 
Опубликовано 17 Мая 2018, 16:55

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Замирбек Султанбеков Талас шаардык электр тармагынын айдоочусу менен болгон унаа кырсыктын так иликтенишини суранууда.
Анын айтымында, 13-май күнү жубайы, балдызы болуп «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, Талас шаардык электр тармагынын «УАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен жубайы менен балдызы бир топ жаракаттарды алып, ооруканага түшкөн.

«Биз 13-май күнү Бишкек шаарынан Таласка чыкканбыз. Талас шаарынан 1 км чыга бергенде жолдун карама-каршы тилкесинде бир унаа менен кагыштык. Негедир ал унаа биздин жолдун бир тараптагы тилкесине чыкты. Мен кагышып калбайлы деп унаамды оң жакка кайрып жол четине чыгып кеттим. Бирок жол четинен кагышып, 2 унаа тең ылдый карап туруп калдык. Унааларыбыз талкаланды. Келинчегимдин чекеси 20 см айрылган экен. Жолдон унаа тосуп, ооруканага алып кеттим. Алып барганда операция жасалган. Эми кайра операцияга жасалганы жатат. Азыр акыбалдары орто. Экөөбүздү тең экспертизадан өткөрүштү. Эч кандай алкоголь жок, таза чыктык. Мен 38 жыл тажрыйбам бар айдоочумун.

Кырсыкка себепкер болгон Талас шаардык электр тармагынын айдоочусу башында өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, «соттошпой өз ара чечишип алалы» деп үй-бүлөсү менен келип кеткен. Мен «оорукананын чыгымдарын төлөп, унаа алып бергиле же оңдотуп бергиле» дедим. Алар ошого макул деп кеткен. Менин юридикалык түрдө бекитебиз дегениме да макул болуп кетишкен. Түштөн кийин Талас шаардык электр тармагы жетекчиси Нурдин Осмоновго бардык. Айдоочусу өз ара чечишерибизди айтты. Кайра эртеси «150 миң сом берем, ушул жетет» деп чыкты. Учурда иш Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүндө каралууда. Тергөөчү менден бир жолу келип окуя боюнча түшүнүк кат алган. Жубайым менен балдызымдан ала элек. Экөө азыр Талас облустук ооруканасында жатышат», - деди ал.

Талас шаардык электр тармагынын Нурдин Осмоновдун айтымында, мекеменин айдоочусу бул кырсыкта өзүнүн ак экендигин далилдөөнү көздөп жатат.
«Биздин айдоочу унаага жооптуу болуп, келишимге кол койгон соң айдоочубуз жооп берет. Айдоочубуздун айтымында кызматкерлерибиз электр тогу өчүп, линияны текшерип жүрүшкөн. Ишкананын «УАЗ» унаасы токтоп турганда келип коюп кеткен экен. Ошол учурда биздин «УАЗда» эч ким болгон эмес. Учурда айдоочубуз өзүнүн сөзүн далилдейм деп сотту көздөп жатат», - деди ал.

Ал эми Талас ОИИБдин маалыматына караганда, 13-май күнү саат 21:30 чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Замирбек Султанбековдун «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү унаасы (номери 08 KG 456 ААU) менен Талас шаардык электр тармагынын кызматкери Н.Ж. башкаруусундагы «УАЗ 390942-018» үлгүсүндөгү унаа (номери 07 79 ТА) кагышкан.

«Кырсыктан улам Талас облустук ооруканасына «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу З.Султанбеков, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай айылынын 1956-жылы туулган тургуну Ч.И., Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын 1961-жылы туулган тургуну Ж.И. ар кандай жаракаттары менен жеткирилген. Алар азыр ооруканада дарыланып жатышат. Аталган фактылар боюнча соттук-медициналык, автотехникалык-трассалогиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.