Ак-Талаадагы курулушу бүтпөй жаткан көпүрөнүн абалы менен транспорт министри Ж.Калилов келип таанышты

turmush
Скачать
Просмотров: 433
 
Опубликовано 17 Мая 2018, 10:06

Нарын облусунун Ак-Талаа районун Нарын дарыясындагы бир жылдан бери курулуш иштери бй жаткан Ак-Тал-Чат көпүрөсүнө Транспорт жана жолдор министрлигинин министри Жамшитбек Калилов келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, мындан бир аз күн мурун Нарын суусунун деңгээли кескин түрдө көбөйуп кетип, натыйжада көпүрөнүнүн курулуш иштери үзгүлтүккө учурап, ортоңку бөлүгүндөгү плиталарды коюуу иштери токтоп, жыйынтыгында жергиликтүү тургундар Нарын суусун кечип, айрымдары аркан аркылуу берки өйүзгө өтүп жаткан видеолру интернет айдыңында кызуу резонс жараткан эле.
Ушуга байланыштуу, кечээ 16-май күнү транспорт минитстри Ж.Калилов баштаган бир катар өкүлдөр көпүрөнүн ахыбалы менен таанышууга келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда, Ак-Кыя, Тоголок Молдо, Жаңы-Талап жана Кызыл-Белес айылдарынын жашоочулары бир жылдан бери көпүрө бүтпөй, бир топ кыйынчылыктар болгонун, анын натыйжасында Кызыл-Белес, Жаңы-Талап айылдарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлбөй калгандыгын, ооруган адамдар ооруканага жетпей түйшүк жаралгандыгын жана башка көйгөйлөрүн билдиришти.
Андан сырткары, келген министрге жергиликтүү тургундар Соң-Көл жайлоосуна, Ак-Кыя айылына бара турчу жолдордун ахыбалынын начардыгын айтыштса, ошондой эле Нарын-Баетов-Макмал авто жолуна дагы асфальт басуу иштерин колго алып берүүсүн жана Кызыл-Белес, Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүн асфальттап берүүсүн өтүнүштү.
Ал эми көпүрөнүн ортоңку бөлүгүнө плита жаткыруу иштери министр келээрдин алдында, таткап айтканда 15-май күнү түнү менен плиталар коюлуп, жөө адамдардын өтүүсүнө шарт түзүлүп берилди. Ошондой эле, келген өкүлдөр көпүрөнү 15-июнга чейин толук кандуу бүткөрүп, пайдаланууга берилээрин убада кылышты.