Ошто жаңы курулуп жаткан үйдүн 8-кабатынан 25 жаштагы куруучу кулап кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 1176
 
Опубликовано 15 Мая 2018, 17:46

Ош шаарынын Ю.Гагарин көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулаган 25 жаштагы жигит ооруканага жетпей көз жумду. Окуя кечээ, 14-майда жумуш учурунда болгонун маркумдун жакындары билдиришти.

Каза болгон жигиттин бир тууган агасы Нурали Жолдошовдун айтымында, аталган курулушта кызматкерлердин коопсуздугу каралган эмес.

«Иним кечээ эртең менен күндөгүдөй эле жумушка кеткен. Түшкү саат 12:00 чамасында мага чогуу иштеген балдар телефон чалып, инимдин кулап кеткенин айтышты. Ош облустук ооруканасына барсам курулуш компаниядан эч ким жок экен. Менден мурун уккан айылдаш эки досу барыптыр. Дарыгерлер иним ооруканага жетпей каза болгонун айтышты. Ал 8-кабаттан кулап кеткен экен. Курулуш жүрүп жаткан үйдө бир дагы кызматкердин коопсуздугу каралган эмес. Атайын ар бир 3-кабат сайын куруучулар жерге түшүп кетпеши үчүн торчолор тартылышы керек болчу. Жыгач түшүп, жердеги куруучулардын башына түшсө эмне болмок?», - деди ал.