Акталаалык окуучулар Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Эрте келген турналар» чыгармасын кинотасмага тартышты

turmush
Скачать
Просмотров: 1033
 
Опубликовано 19 Апреля 2018, 15:09

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин окуучулары жазуучу Чыңыгз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Эрте келген турналар» чыгармасын кол телефон аркылуу кыскача кино тасма тартышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 17-апрель күнү маданият бөлүмү тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуучулар мектептер аралык «Чыңгыз руху - аруулуктун дүйнөсү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакта жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырып аткарып берүү же видео ролик тартуу тапшырмасы берилген. Ошол сынакта, аталган мектептин окуучулары жогоруда белгиленген кыскача кино тасмасы менен калыстар курамынын жогорку баасына татып, жыйынтыгында 72 упай топтоо менен финалдык турга жолдомо алышкан.
«Негизи, кыскача тасманы тартууну кыргыз тилчи мугалимдер идеа кылдык. Окуучуларга сунуштасак, өздөрү эле тартышты. Колдон келген аракетти кылышты. Тажрыйбалуу режиссёр же актёр болушпагандан кийин, ийгиликтүү эле болду деп эсептейм. Тасманы 3 күн тарттык. 3 күн толук убакытыбыз деле кеткен жок. Бир күндө 2-3 саат убакыт бөлө коюп тартып жаттык. Айрым сюжеттерин кайра-кайра тартууга туура келди. Чолок-Кайың айылынын жанындагы суунун жээгинен, айылдын ичиндеги эски кампадан, айдоо аянттардан тартышты. Бул чыгармасын тандап алганыбыздын себеби, окуучуларга ыңгайлуу экендигин эске алдык. Анткени, чыгармада деле негизги окуяны окуучулар түзөт эмеспи. Башка чыгармаларын деле карап көрдүк, бирок чон адамдардын образын жаратуу окуучуларга кыйынчылык туудурат да» - деди режиссерлук кылган мугалим Миргүл Турусбекова.
«Албетте, кичинекей тасма болсо дагы биздин мектепке жеңиш алып келип берди. Окуучулардын эмгеги. Тасмага 8-9-10-11-класстын алдыңкы, активист окуучулары тартылышыптыр. негизи эле коомдук иштерге активдүү катышкан, активист окуучулар. Буюрса келечеги кең, айылыбызды сыймыктанта турчу инсандар чыга турчу окуучулар деп эсептейм» - дейт мектептин тарбия окуу бөлүм башчысы Нуржан Курманалиева.