Үгүт жана Байгөнчөк айылынын жашоочуларына 4 миң даана өрүктүн көчөттөрү бекер таратылып берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 48
 
Опубликовано 18 Апреля 2018, 15:20

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт жана ага караштуу Байгөнчөк айылдарынын жергиликтүү жашоочуларына райондук токой чарбасы тарабынан 4 миң даана өрүктүн көчөттөрү бекер таратылып берилгендигин айыл өкмөт башчысы Изат Эсенгулов аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 17-апрель күнү аталган айылдарда бир катар орчундуу иштер аткарылып, анын негизинде элдерге 4 миң даана өрүктүн көчөттөрү бекер таратылып берилсе, ошондой эле айылдагы мекемелерге 100 түп карагайдын көчөттөрү отургузулду.
Андан сырткары, 400 гектар аянтты сугат суусу менен толук ккамсыздоо максатында 15 чакырым (километр) сугат арыгы казылып, пайдаланууга берилди.