Акталаалык Р.Шыгаев ЖКтин төрагасына 4 орчундуу маселени кабыргасынан коюп, аткарып берүүсүн суранды

turmush
Скачать
Просмотров: 43
 
Опубликовано 24 Марта 2018, 16:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары Жогорку Кеңештин депутаттарына чечилбей жаткан 4 маселени аткарып берүүлөрүн суранышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 20-март күнү ЖКтин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир катар эл өкүлдөрү жана ошондой эле министртерстводо иштеген өкүлдөр районго иш-сапары менен келишип, мекеме-ишканада иштеген кызматкерлер,айыл аксакалдары, айылдык кеңештин төрагалары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда, Баетов айылынын тургуну, аксакал Рысбек Шыгаев ЖКтин төрагасына сынды туура кабыл алып, айтылган тапшырмаларды аткарып берүүлөрүн өтүнүү менен алгачкы суроосунда Ак-Талаадан ЖКте депутат жок экендигин айытп кейиди.
«Ак-Талаа көңүл сыртында калды. Өзүнчө анклав болуп калдык. Депутатыбыз жок, элдин үнүн угаар адамыбыз жок калдык. Сиз өзүңүз депутат болуп бериңиз же бирөөсүн депутат кылып берип кетиңиз. Экинчиден, Жаман-Даван суусуна гидросооружение куруп бергиле деп айтып эле жатабыз. Бул маселени бириңер дагы чечип бере албай койдуңар. Аталган дарыяга союз учурунда каналдар курулуп, сооружение салынды эле. Ал азыр жок. Бизге сугат суусу жетишпей жатат» - деген Р.Шыгаев, кайрадан ЖКтин депутаты И.Өмуркулов бизди алдап кетти деп баштады.
«Иса Шейшенкулович келип, бизден бир жигитти кадр кылып өстүруп берем деди эле. Ошол бойдон дайын жок. Алдап кетти окшойт. Ал кишиге салам айта барыңыз. Бихде буудай жакшы өсөт. Бирок, буудайдын баасы арзан болуп, эмгегибизди актабай жатат. Бешинчи, 1 жарым айдан бери районго аким дайындала элек. Эртерээк аким дайындап бербейсиздерби» - дейт Р.Шыгаев.