Кочкордо Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

turmush
Скачать
Просмотров: 111
 
Опубликовано 22 Марта 2018, 11:50

Кочкор районунда Нооруз майрамы Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдында салтанаттуу белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Нооруз салтанаты аластоо менен башталып, элге сүмөлөк ооз тийгизилди. Алгач салтанатты Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов ачып, райондун тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Андан соң, Кочкор айылынын жаңы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Абакиров, айылдык кеңештин төрагасы Тилек Балкыбеков да куттуктоо сөздөрүн сүйлөдү. Иш-чарада райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору элге күлкү-шаң тартуулады.