Ош ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектору Руслан Жаңыбаев бүгүн, 21-мартта саат 12:30 чамасында көчөдө адашып жүргөн жеринен табылган баланын ата-энесин издеп жатат.
Өзүн Юсуф деп тааныштырган 3-4 жаштардагы бала Оштун Калинин көчөсүндө эски тетиктер сатылган базардын жанында жалгыз жүргөн. Азырынча милиция кызматкерлери анын жакындарын таба элек.
http://www.turmush.kg/news:342414