«Өзүмө эмес, чоңдор үчүн балык кармайм»: Араванда корукка алынган жерден балык кармаган жаран изделүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 2032
 
Опубликовано 17 Марта 2018, 17:15

Араван районунун Кайрагач айылындагы суудан мыйзамсыз балык кармаган жаранды жергиликтүүлөр видеого тартып алышкан. Аталган видеодо балык кармаган жаран балыктарды чоңдорго кармап жатканын жана баары аны тааный турган айткан. Бул тууралуу жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнөн билдирди. Учурда бул видео боюнча жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн ыктам тобу тарабынан издөөгө алынды.