Чүй облусунун Токмок шаарынын башчысы болуп Амангельдиев Данияр Жолдошевич шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.
Маалым болгондой, бүгүн, 17-мартта өткөн Токмок шаарынын мэрин шайлоого шаардык кеңештин 31 депутаты толугу менен катышты. Шайлоонун жыйынтыгында Амангельдиев Данияр Жолдошевич депутаттардын 18 добушуна ээ болсо, Келдибеков Нурлан Белекович 3 добушка ээ болду.